Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Март, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:41

Түркия Гүлен үчүн акча сунуш кылынган деген маалыматты төгүндөдү


Фетхулла Гүлен.
Фетхулла Гүлен.

Анкара АКШда жашаган динаятчы Фетхулла Гүленди өткөрүп алуу үчүн түрк расмийлери миллиондогон доллар төлөө боюнча планды талкуулаган деген ырастоолорду “негизсиз жана күлкүлүү” деп атады.

Өлкөнүн Вашингтондогу элчилиги 12-ноябрда да АКШ Гүленди өткөрүп берүүсүн кайрадан талап кылып, бирок Түркия бул максатка жетүү үчүн мыйзам чегинен чыкпай турганын белгиледи.

Бул расмий билдирүү алдында АКШ медиасында атайын прокурор Роберт Мюллер Ак үйдүн Улуттук коопсуздук боюнча мурдагы кеңешчиси Майкл Флинге жана анын уулуна Гүленди кармап, түрк өкмөтүнө өткөрүп бергени үчүн 15 миллион доллар төлөнүүсүн караган ыктымал кутумду иликтеп жатат деген маалыматтар тараган эле.

Флиндин адвокаттарынын бири кардарынын дарегине айтылган мындай айыптоону “кыжыр келтирерлик” деп атады.

Анкара АКШда бозгунда жашаган динаятчы Фетхулла Гүленди 2016-жылкы аскерий төңкөрүш аракети артында турат деп айыптап келет.

Гүлен өзү ага эч бир тишеси жоктугун билдирип, түрк бийликтеринин дооматтарын четке каккан.

Майкл Флин АКШ президентинин Улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси катары быйыл жыл башында 24 күн гана иштеген.

Ал Ак үйгө Орусиянын ошол кездеги элчиси Сергей Кисляк менен байланыштары боюнча чаташтырган маалымат бергенинен улам кызматтан чегинүүгө аргасыз болгон. (UE)

XS
SM
MD
LG