Мурдагы грузин президенти жана Одесса облусунун мурдагы губернатору Михаил Саакашвили лидерлик кылган "Жаңы күчтөр кыймылы" саясий партиясынын жактоочулары 12-ноябрдагы демонстрацияда реформаларды талап кылышты.
Киевдин Михайловска аянтына жүздөгөн адам жыйналды.
Өзү украин парламенти – Жогорку раданын имараты сыртында 17-октябрдан бери нааразылык акциясы өтүп жатат.
Ал жерге чатырларды тигип алгандар депутаттардын кол тийбестик укугун алууну, антикоррупциялык сот түзүүнү, шайлоо жана президентке импичмент жарыялоо боюнча мыйзамдарга өзгөртүү киргизүүнү талап кылышууда.
Бул нааразылык акциясын Саакашвили баштап, бирок ага Украинанын оппозициядагы саясий лидерлеринин көбү кошулган.
Апта башында болсо украин бийликтери Саакашвили өлкөдө мыйзамсыз жүргөнүн тастыкташты.
Саакашвили өзү Фейсбукка жазганына караганда, ал Украинанын Миграция кызматынан өлкөдө мыйзамсыз жүргөнүн ырастаган документтерди алды.
Бирок ал буга канааттанбаганын жана украин “жарандыгын калыбына келтирүү боюнча күрөштү” сот аркылуу жүргүзөрүн билдирди.
Мурдагы грузин президенти өз мекенинин жарандыгын 2015-жылы Украинанын Одесса облусунун губернаторлугуна дайындалганда жоготкон.
Бирок 2016-жылы ноябрда президент Петр Порошенконун өнөктөштөрү анын реформаларына бут тосуп жатканын айтып, кызматтан чегинген эле.
Порошенко Саакашвилини украин жарандыгынан быйыл июнь айында ажыратып, буга ал арыз берүүдө айрым маалыматтарды жашырганын жүйө келтирген.
Паспорту жараксыз деп табылганына карабай сентябрда Украинага Польша аркылуу кирип келген Саакашвили азыр “Жаңы саясий күчтөрдүн кыймылы” деген партияга лидерлик кылууда. (UE)