Ирандын мамлекеттик телеси билдиргендей, өлкөнүн батышында, Ирак менен чек арада 12-ноябрдын кечиндеги зилзаладан кеминде 61 адамдын өмүрү кыйылды, дагы 300дөй киши жарадар болду.
Ал эми ИРНА жаңылыктар агенттиги чек аранын Ирак тарабында, көбүнесе Күртстан аймагында кеминде алты адам өлүп, ондогон киши жаракат алганын кабарлады.
Бирок Ирактан азырынча расмий маалымат түшө элек.
АКШнын Геологиялык кызматынын эсебинде, зилзаланын күчү Рихтер таякчасы боюнча 7,3 баллды түздү. Ал эми очогу Ирактын түндүк -чыгышындагы Халабжа шаарынан 32 чакырым түштүк-батышта болду.
Ирактын борбору Багдадда жана башка шаарларда адамдар дүрбөлөңгө түшүп, үйлөрдөн жана имараттардан сыртка чуркап чыгышкан.
Ирандын мамлекеттик медиасы зилзала кеминде өлкөнүн 14 провинцияда сезилгенин, сегиз кыштак талкаланганын билдирүүдө.
Президент Хасан Роухани Ички иштер министрлигин жер титирөөдөн жабыр тарткандарга мүмкүн болгон жардамды көргөзүүгө чакырды.
12-ноябрдагы жер силкинүүсү Израилдин аймагында, Түркиянын түштүк-батышында да сезилген.
Иранда кыйроо жана талкалануу менен коштолгон зилзала мезгил-мезгили менен кайталанып турат.
2003-жылы күчү 6,6 баллды түзгөн жер титирөөдөн тарыхый Бам шаары талкаланып, 26 миң адамдын өмүрү кыйылган. (UE)