Линктер

шейшемби, 12-декабрь, 2017 Бишкек убактысы 23:52

Израил Сирия менен чек арада аскердик операцияларды улантаарын эскертти


Израил армиясынын Голандагы машыгуулары.

Израил АКШ менен Орусиянын тынчтык келишимине жетишүү аракеттерине карабай, ирандык күчтөрдүн басып кирүүсүнө жол бербеш үчүн Сирия менен чек арада аскердик операциялар уланаарын билдирди.

Тегеран АКШ менен Орусиядан Иранды, ливандык “Хезболла” уюмун жана башка шиит күчтөрүн Сириядагы туруктуу базалардан ажыратууга умтулуп жатат. Аларды Голан дөңсөлөрүнөн мүмкүн болушунча алыс кармоону талап кылууда. Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаняху жекшембидеги өкмөт жыйынында Сирия боюнча жаңы орус-америка келишими тууралуу түз айткан жок. Бирок аймактык кызматташтык министри Цахи Ханегби аскердик операциялар уланаарына ишара кылып, "келишим Сирия-Израил чек арасында “Хезболланын” жоочулары же ирандык күчтөрдүн жакындашына жол бербөө боюнча Израилдин талаптарына жооп бербейт" деп айтты.

Ишембиде израилдик аскерлер Голан тоолорунда тыңчылардын учкучсуз учагын атып түшүргөнүн маалымдашкан. Израил бул боюнча Сирия өкмөтүн айыптаган. АКШ жана Орусиянын президенттери 11-ноябрда Сирияда тынчтык орнотуу боюнча биргелешкен аракеттерди ырасташкан.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG