Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:53

Парламентте Эмгек кодексине сунушталган өзгөртүүлөр каралат


31-август - эгемендик күнүн майрамдоо. Бишкек. (Архив)
31-август - эгемендик күнүн майрамдоо. Бишкек. (Архив)

Эмгек кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинде экинчи окууда талкууланат. Аталган кодекске өзгөртүү киргизүүнү Социал-демократтар фракциясынан депутат Дастан Бекешев сунуштаган. Ал эс алуу күндөрүнүн көбөйүп кеткенин жүйө келтирип, майрамдарды азайтыш үчүн 5-май - Конституция күнүн, 23-февраль - Ата Мекенди коргоо жана 7-ноябрь - Улуу Октябрь революциясын белгилөөнү жоюу боюнча демилге көтөргөн.

Кыргызстанда расмий 13 майрам бар, буга байланыштуу жарандар бир жыл ичинде 20 күндөй эс алышат.

Октябрдын этегинде президент Алмазбек Атамбаев келерки жылдан тартып 7-8-ноябрды Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күндөрү деп жарыялоо тууралуу жарлык чыгарган. Жарлыктан кийин Орусияда Кыргызстандын айдоочулук күбөлүгүнө тыюу салуу сунушталып, тиешелүү мыйзам долбоорду Мамлекеттик Дума карап жатат. (NT)

XS
SM
MD
LG