Өзүн «Ислам мамлекети» деп атап алган террордук топтун жоочулары жекшембиде Сириянын Дейр-эз-Зор провинциясындагы стратегиялык Абу-Кемал шаарын кайра ээледи. Бул тууралуу баш кеңсеси Лондондо жайгашкан Сириядагы адам укуктарына байкоо салуу борбору кабарлады.
Маалыматка караганда, Сириянын өкмөттүк күчтөрү согушкерлерге туруштук бере албай Абу-Кемалдан артка чегинишкен. Учурда тараптар ортосунда катуу кармаш жүрүп жатканы маалымдалууда.
Бейшембиде Сирия армиясы өнөктөштөрүнүн колдоосунда жоочулардын Абу-Кемалдагы коргонуу линиялары бузулганын, террорчулардын өлкөдөгү акыркы чоң таянычы деп эсептелген шаар бошотулганын билдиришкен. Андан соң калааны согушкерлерден тазалоо аракеттери башталганы айтылган.