Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:32

Күжүрмөн самбо: дүйнө чемпионатында Кыргызстан экинчи орунда


Кыргызстандын желеги.
Кыргызстандын желеги.

Күжүрмөн самбо боюнча Кыргызстандын командасы Сочидеги дүйнө чемпионатында жалпы көрсөткүчтө экинчи орун алды.

10-12-ноябрда өткөн таймаштарда кыргыз спортчулары бир алтын, эки күмүш жана эки кол медалга ээ болушту. ТАСС агенттиги маалымдагандай, биринчи орунду орусиялыктар, үчүнчү орунду Түштүк Корея алды.

Чемпионатка Кыргызстандан 9 спортчу барган. Алтын медалды 74 кг салмакта Бекназар Раимкул уулу ээледи. Күмүш медалды Орозбек Абдантил уулу (62 кг чейин) жана Мухамедали Эргешов (52 кг чейин) алышты. Коло байгеге Аманат Алтынбек уулу (57 кг чейин) жана Улан Абдимамамат уулу (100 кг+) ээ болушту.

XS
SM
MD
LG