Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:54

Айдоочулук күбөлүктү 18 жашка толгондорго гана берүү сунушталууда


Кыргыз өкмөтү А, А1, B, B1 үлгүсүндөгү айдоочулук күбөлүктөрдү 18 жаштан өткөндөргө гана берүүнү сунуш кылып, бул боюнча 2017-жылдын соңуна чейин жаңы эреже иштеп чыгууну Юстиция министрлигине тапшырды. Бул тууралуу өкмөттүн жол коопсуздугу системасын реформалоонун комплекстүү чаралары боюнча иш мерчеминде айтылат.

Документте айдоочулукка үйрөткөн окуу жайлардын окутуу программасын кайрадан карап чыгуу, теориялык билимди кыскартып, практиканы көбөйтүү жагы каралган. Практикалык билимдин чыгымдарын окуу жай мойнуна алышы керек. Жол коопсуздугуна байланышкан ар бир тема боюнча видеоролик көрсөтүү сунушталууда.

Расмий маалыматка ылайык, авто окуу жайды аяктаганына үч жыл толбогон айдоочулардын катышуусундагы кырсыктар 60% ашса, аларга күбөлүк берген мектептин лицензиясы жокко чыгарылат.

Азыркы эреже боюнча А, А1, B, B1 үлгүсүндөгү айдоочулук күбөлүктөр 17 жаштан берилет. С жана С1 күбөлүгү 18 жаштан берилет, бирок бул үчүн кеминде бир жылдык айдоочулук тажрыйба болушу кажет. Ал эми D үлгүсүндөгү күбөлүк бери дегенде төрт жылдык тажрыйба менен 21 жашка толгондорго берилет.

XS
SM
MD
LG