Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Февраль, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:20

“Сентябрь” телеканалы Жогорку сотко кайрылды


Соттун чечими менен жабылган “Сентябрь” телеканалынын жетекчилиги кассациялык арыз менен Жогорку сотко кайрылды. Анда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун каналдын ишин токтотуу боюнча чечимин мыйзамсыз жана негизсиз деп табуу өтүнүчү айтылат. Бул тууралуу 13-ноябрда телеканалдын кызматкерлери кабарлашты.

Башкы прокуратура Бишкектин Биринчи Май райондук сотуна "Сентябрдын" эфиринен мурдагы өкмөт башчы, кийин президенттик шайлоого катышып утуп чыккан Сооронбай Жээнбековдун аброюна шек келтирген көрсөтүү чыккан деп арызданган. Буга Ош облустук милициясынын мурдагы башчысы Абдылда Капаровдун Жалал-Абаддагы “Сентябрь” каналынан Жээнбековдор тууралуу сүйлөгөнү негиз болгон.

Ишти Биринчи Май райондук сотунун судьясы Жылдыз Жумабаева карап, телеканалдын жана анын сайтынын ишмердүүлүгүнө тыюу салуу боюнча 22-августта чечим чыгарган. Каналдын жетекчилиги жана кызматкерлери муну сөз эркиндигин ооздуктоо деп баалашат.

“Сентябрь” телеканалы оппозициялык саясатчы, орус ишкерлеринен пара алды деп сегиз жылга камалган “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевге таандык экени айтылат.

XS
SM
MD
LG