Линктер

дүйшөмбү, 11-декабрь, 2017 Бишкек убактысы 06:33

Иран бийлигинин билдиргенине караганда, Ирак-Иран чек арасына жакын жерде болгон зилзаладан кеминде 207 адам өлдү, жарадарлардын саны 1700дөн ашты.

Ал эми ИРНА жаңылыктар агенттиги чек аранын Ирак тарабында, көбүнесе Күртстан аймагында кеминде алты киши өлүп, ондогон адам жарадар болгонун кабарлады.

Иран бийлиги силкинүүдөн Керменшах провинциясы эң чоң зыян тартканын билдирүүдө. Жер титирөөнүн күчү аймактагы бардык мамлекеттерде, Кувейттен Түркияга чейин сезилген.

Ирактын борбору Багдадда жана башка шаарларда адамдар дүрбөлөңгө түшүп, үйлөрдөн жана имараттардан сыртка чуркап чыгышкан.

АКШнын Геологиялык кызматынын эсебинде, зилзаланын күчү Рихтер таякчасы боюнча 7,3 баллды түздү. Ал эми очогу Ирактын түндүк -чыгышындагы Халабжа шаарынан 32 чакырым түштүк-батышта болду.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин билдиришинче, алдын ала маалыматтар боюнча Ирак жана Ирандагы жер титирөөдөн набыт болгондор арасында кыргызстандыктар жок.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG