Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Октябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:41

Токтогулда жол кырсыктарынан улам түлөө өткөрүлдү


Жол кырсыгы.
Жол кырсыгы.

Токтогул районунун тургундары өлкөдө болуп жаткан жол кырсыктарынан улам Бишкек-Ош жолунун четинде түлөө өткөрүштү. Жандык союп, түлөө өткөрүү тууралуу район жетекчилиги аксакалдар жана имамдар менен бирге демилге көтөргөн.

Жалал-Абад облустук патрулдук милициясынын инспектору Нурлан Саркаров “Азаттык” радиосуна билдиргендей, иш-чара учурунда 400дөй унаа токтотулуп, айдоочуларга этияттыкка чакырган эскертмелер жана тамак-аш таратылды. Жол кырсыгында каза болгондорго багышталып куран окутулду. Мындай акция эми ушул эле райондун Үч-Терек жана Торкен айылдарында да уюштурулат.

Расмий эсеп боюнча, быйыл жыл башынан бери Кыргызстанда катталган жол кырсыктарынын саны 5 миңден ашып, 700дөй киши набыт болду. Жарадар болгондордун саны 7800дөн көп. (RsK)

XS
SM
MD
LG