14-ноябрда түнкүсүн өлкө аймагында жаан-чачын болбойт, күндүз Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир тоолуу райондорунда жамгыр жаашы мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрге жетет.
Абанын табы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -1…+4, күндүз 11…16;
Талас жергесинде түнкүсүн 0…-5, күндүз 10…15;
Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 1…6, күндүз 12…17;
Ысык-Көл дубанында түнкүсүн -4…+1, күндүз 8…13;
Нарын облусунда түнкүсүн -3…-18 күндүз 6…11;
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -18...-23, күндүз -2...7.
Бишкекте жаан-чачын болбойт. Шамалдын ылдамдыгы секундуна 6-9 метрге жетет. Абанын табы түнкүсүн 0...2, күндүз 14...16 градус болот.