Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 08:25

“Мегакомду” сатып алууга жаңы сунуштар түшүүдө


Kyrgyzstan - Megacom, generic, undated
Kyrgyzstan - Megacom, generic, undated

"Мегаком" деген соода маркасы менен белгилүү "Альфа Телеком" уюк компаниясын сатып алууга эки кардар кызыгууда. Бул тууралуу “Азаттык” радиосуна Мамлекеттик мүлк фондунун төрагасы Болсунбек Казаков маалымдады.

- Азыр сунуштар түшүп жатат. Бири кагаз түрүндө кайрылды, экинчиси телефон чалып кызыгып жатат. Бирок, азырынча алар жөнүндө толук маалымат бере албайм.

Буга чейин "Мегаком" уюк компаниясынын 100 пайыз акциясын сатып алууга Елена Нагорная аттуу орус жараны арыз берген. Мамлекеттик мүлк фонду ал жаран менен сүйлөшүү жүрүп жатканын маалымдап келет. Ал ортодо Интернетте Нагорнаянын Орусияда чай бизнеси менен алектенээри ачыкка чыгып, кыргыз коомчулугунда анын инвестиция саларынан шек саноо, байланыш тармагында тажрыйбасы жок ишкер "Мегакомду" кантип иштетет деген суроолор жаралган.

Учурдагы бийлик алгач ирет "Альфа Телекомдун" 100 пайыз акциясын былтыр февралда 19 миллиард сомго сатыкка чыгарган. Бирок андан бери үч жолу сынак жарыяланып, кызыккан инвестор чыкпагандыктан сатылган эмес. Акыры быйыл компаниянын баасы 13 миллиард 500 миллион сомго чейин төмөндөтүлүп, түз сатуу боюнча чечим кабыл алынган. (TSh)

XS
SM
MD
LG