Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:52

Тажикстанда алгачкы музыкалык телеканал обого чыкты


Тажикстандык ырчы Нигина Амонкулова.
Тажикстандык ырчы Нигина Амонкулова.

Тажикстанда "Шахнавоз" деп аталган биринчи музыкалык канал обого чыкты. 13-ноябрда өткөн каналдын ачылыш аземине президенттик аппараттын, өкмөттүн өкүлдөрү катышты. 24 саат бою обого чыга турган берүүдө жергиликтүү аткаруучулардын видеоклиптери, концерттери жана маданий берүүлөр көрсөтүлөөрү маалым болду.

Тажикстанда жети мамлекеттик, бир бейөкмөт телеканал бар. Жергиликтүү аналиктердин айтымында, "Шахнавоз" телеканалы өлкөдө популярдуу деп саналган перс тилиндеги PMC жана GEM Music аттуу музыкалык телеканалдарга атаандаш болушу ыктымал.

XS
SM
MD
LG