Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:36

Эрдоган менен Путин Сочиде жолугушту


Орусиянын президенти Владимир Путин менен Түркиянын лидери Режеп Тайып Эрдоган.
Орусиянын президенти Владимир Путин менен Түркиянын лидери Режеп Тайып Эрдоган.

13-ноябрда Кара деңиздин жээгиндеги Сочи шаарында Орусиянын президенти Владимир Путин менен Түркиянын лидери Режеп Тайып Эрдоган жолугушту. Путин эки өлкөнүн алакалары толугу менен калыбына келтирилди деп эсептей берсе болорун билдирди.

Орус лидеринин айтымында, 2016-жылы Анкара менен Москванын ортосундагы товар алмашуу 30 пайызга төмөндөсө, бул жылдын тогуз айында эле 38% өстү.

Путин Орусия менен Түркия бардык багыттар боюнча, анын ичинде коопсуздук жана Сирия маселеси боюнча да тыгыз кызматташууну улантып жатышканын кошумчалады.

Эки өлкөнүн лидерлери бир ай мурда Анкарада жолугушуп, Сирия жана Ирак маселелерин талкуулашкан.

XS
SM
MD
LG