Европа Биримдиги Венесуэла менен байланышы бар жарандардын активдерин токтотуу боюнча документ да кабыл алды. Уюмдун билдирүүсүндө санкциялар демократиянын эрежелерин жана адам укуктарын бузган бардык адамдарга карата колдонулаары жазылган. Чектөөлөрдүн алынышы өлкөдөгү кырдаалга көз каранды.
Быйыл апрелде Венесуэланын президенти Николас Мадуронун ыйгарым укуктарын кеңейтүү аракетинен кийин өлкөдө жапырт каршылык акциялары башталып, бир нече айга созулган.
Октябрда бийликчил партиянын талапкерлери 23 штаттын он жетисинде жеңишке жеткени жарыяланган. Оппозиция аймактык шайлоолордун жыйынтыгын тааныган эмес, бийликти добуштарды бурмалаган деп айыптаган.