Линктер

шейшемби, 21-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 18:29

Түркия жана Орусия Сириядагы кырдаалды саясий жол менен чечүүнү макулдашты 


Режеп Тайип Эрдоган жана Владимир Путин. Сочи. 13-ноябрь, 2017-жыл.

Анкара менен Москва Сириядагы жаңжалды саясий жол менен чечүүнү макулдашты. Бул тууралуу Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган 13-ноябрда Орусия лидери Владимир Путин менен Сочидеги жолугушуудан кийин билдирди.

Эрдоган Түркиянын айыл чарба товарлары Орусияга ташылып жатканын айтып, эки тараптуу соодага киргизилген акыркы чектөөлөр дагы алынат деген ишенимин кошумчалады. Сүйлөшүүлөрдөн кийин өткөн маалымат жыйынында Путин Орусия менен Түркия «Аккую» атомдук электр станциясынын алгачкы реакторун 2023-жылга карата ишке киргизүүнү пландап жаткандыгын маалымдады. Анын айтымында, «Росатом» мамлекеттик агенттиги «Аккуюда» жакын арада ишин баштайт. 2016-жылы Орусия менен Түркиянын ортосундагы товар алмашуу 30 пайызга азайса, бул жылдын тогуз айында эле 38 пайызга арбыган. Путин мындан тышкары Москва менен Анкара бардык багыттар боюнча, анын ичинде коопсуздук жана Сирия маселеси боюнча да тыгыз кызматташууну улантып жатканын белгиледи.

Эрдоган менен кездешүүнүн алдында орус президенти эки өлкөнүн алакасы толук калыбына келди деп айтууга болорун билдирген.

Орусия менен Түркиянын мамилеси 2015-жылы ноябрда, түрк аба күчтөрү Сирия чек арасына жакын жерде Орусиянын аскердик учагын атып түшүргөндөн кийин кескин начарлап кеткен. Андан кийин тараптар алаканы калыбына келтирүү боюнча бир нече ирет сүйлөшүүлөрдү жүргүзүшкөн.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG