Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:37

Иранда зилзаладан набыт болгондордун саны 400дөн ашты


Ирандагы жер титирөө, 13-ноябрь, 2017-жыл.
Ирандагы жер титирөө, 13-ноябрь, 2017-жыл.

Иран-Ирак чек арасында катуу зилзаладан курман болгондордун саны 400дөн ашты. Жарадар болгондор 6700гө жакын.

Каза тапкандардын саны саат сайын көбөйүп жатат. Ирандын Ички иштер министрлиги маалымдагандай, курмандыктардын көбү Керманшах провинциясында катталууда.

Расмий билдирүүлөргө караганда, Иракта да жети киши мерт болуп, 300дөн ашууну жаракат алышкан.

13-ноябрга караган түнү күчү 7,3 баллга жеткен жер титирөө Түркиядан Кувейтке чейинки аймактарда сезилген.

Иран президенти Хасан Роухани Ички иштер министрлигин жер титирөөдөн жабыр тарткандарга мүмкүн болгон жардам көргөзүүгө чакырган.

XS
SM
MD
LG