Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Февраль, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 11:19

Инаугурациянын каржысы эсептелип бүтө элек


Жаңы шайланган президент Сооронбай Жээнбековдун ант берүү аземине коротулчу акчанын так суммасы аныктала элек. Бул тууралуу "Азаттык" радиосуна президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Толгонай Стамалиева билдирип, бюджеттен каралган каражаттын канчасы жумшалаары жакын арада маалым болорун айтты.

13-ноябрда финансы министри Адылбек Касымалиев Жогорку Кеңештин профилдик комитетинде сүйлөп жатып бюджеттен инаугурация үчүн 13 млн. сом каралганын билдирген. Бул маалымат Интернеттеги социалдык түйүндөрдө талкууга түшүп, нааразы пикирлер көбөйгөн.

Жээнбековдун ант берүү аземи 24-ноябрда "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында өтөт. Инаугурацияга чет өлкөлөрдөн жогорку кызматтагы расмий коноктор чакырылбай турганы кабарланган.

Президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдиргендей, азырынча ант берүү аземинин сценарийин түзүү жараяны аягына чыга элек.

Кыргызстанда президенттик шайлоо 15-октябрда өтүп, мурунку премьер-министр Сооронбай Жээнбеков 50 пайыздан ашуун добуш менен жеңип чыккан. (SE)

XS
SM
MD
LG