Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:50

"Санжыра" радиосу обого чыкпай калды


"Санжыра" радиосу 1-ноябрдан тартып эфирге чыкпай калды. Буга аталган радионун лицензия мөөнөтү узартылбаганы себеп болгонун Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетине караштуу Байланыш агенттигинин лицензия бөлүмүнүн башчысы Жылдыз Адырбекова билдирди:

- Лицензияны узартуу боюнча эч кандай кайрылуу болгон эмес. Ошондуктан агенттиктин буйругу менен 1-ноябрдан тартып "Санжыранын" берүүлөрү токтотулду.

"Санжыра" радиосу саясатчы Өмүрбек Бабановго таандык НТС каналына карайт. Канал кызматкерлери да эфирдин токтотулушуна лицензия өз убагында узартылбаганы себеп болгонун айтып, маселени чечиш үчүн Байланыш комитетине кат жиберилгенин билдиришти .

Аталган радио 2011-жылдан тарта обого чыгат. Негизинен улуттук ыр-күүлөр, нарк-насилдер тууралуу берүүлөрдү уктурган. Президенттик шайлоо өнөктүгү учурунда Өмүрбек Бабановдун билдирүүлөрүн, саясий талкууларды жарыялаган. (SE)

XS
SM
MD
LG