Кыргыз-казак чек арасында тыгындар жоголо элек, бирок мурдагыдан азайып калды. Бул тууралуу “Азаттык” радиосуна бүгүн Чек ара кызматындагылар кабарлашты.
Мекеменин маалымат кызматынын өкүлү Салкын Абдыкариеванын айтымында, “Ак Жол” көзөмөл-өткөрмө бекетинде жарандардын тыгыны жок, автотранспорттун саны 50гө жакын.
“Ак Тилекте” 300, “Чоң Капкада” 184 оор жүк ташуучу автоунаанын тыгыны турат.
- Саатына казак тарап оор жүк ташуучу беш машинаны өткөрүүдө. Бирок башындагыдай адамдардан турган тыгын жокко эсе. Мисалы, “Ак Жолдо” акыркы бир жумадан бери кезекке тургандар жок. Түшкө маал автобус, маршруттук такси менен келип түшүп калганда 100гө чейин адам топтолуп калат. Андан башка учурда адамдардын кезеги жок.
“Чалдыбар”, “Кеңбулуң”, “Токмок” бекеттеринде абал туруктуу, тыгын жок.
Кыргыз-казак чек арасынан казак тарапка өтүү 10-октябрдан тартып кыйындаган. Алгач казак өкмөтү муну Кыргызстандагы президенттик шайлоо алдындагы абалга, кийин Кытайдан ташылган аткезчилик товарга байланыштырган. (RK)