Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Октябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:21

Чүйдө кургак учукту дарылоонун жаңы ыкмасы колдонулмай болду


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Чүй облусунда кургак учук менен ооруган жарандарды дарылоодо жаңы ыкма колдонулмай болду.

"Кейс менежмент" деп аталган усул менен ар бир оорулуунун алгачкы анализинен тартып таза айыкканына чейин көзөмөл системасы кирди.

Бул тууралуу 14-ноябрда USAID агенттиги уюштурган "Кургак учукту чогуу жеңели" долбоорунун алкагында өткөн жыйында айтылды.

Быйылкы жылдын алгачкы алты айында кургак учук менен биринчи ирет катталгандар азайганы белгилүү болгон. 2 540 кишиге биринчи жолу ушундай диагноз коюлуп, бул көрсөткүч былтыркыга салыштырмалуу 44 кишиге азайган.

Өлкө аймактарында жана баш калаада туберкулезду молекулярдык, же шилекейден аныктоо ыкмасы кеңири колдонулуп келет. (BCh)

XS
SM
MD
LG