Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:20

Кандагардагы чабуулдардан 22 полиция кызматкери мерт болду


Ооганстандын түштүгүндөгү Кандагар провинциясында талиптер коопсуздук бекеттерине чабуул коюп, андан жалпы 22 полиция кызматкери мерт болду. Жергиликтүү полициянын өкүлү Матиулла Хелал 14-ноябрда билдиргендей, Майванд жана Жари райондорунда 15 бекеттеги кол салуудан кеминде 15 офицер жарадар болду. Ал полиция менен жоочулардын кармашы таңга чейин уланганын, баш-аягы 45 согушкер өлтүрүлүп, 35и жаракат алганын кошумчалады.

Дагы бир жергиликтүү полиция өкүлү Зиа Дуррани чабуулда эч бир полиция бекети согушкерлердин колуна өтпөгөнүн билдирди. Талиптер бул чабуулга жоопкерчилик алды.

Ооган бийлиги НАТО жоокерлери 2014--жылы өлкөдөн чыгып кеткенден кийин жоочулардын мизин кайтарууда кыйынчылыкка туш болуп келет. Өткөн жумада НАТОнун коргоо министрлери Брюсселге чогулуп, Түндүк-атлантикалык альянстын Ооганстандагы күчтөрүнүн саны 13 миңден 16 миңге көбөйтүүнү макулдашкан.

XS
SM
MD
LG