Линктер

шейшемби, 21-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 18:28

Иранда эки күн мурдагы зилзаладан каза тапкандардын саны кеминде 530 адамга жетти. Баш-аягы 8 миңдей киши жабыркаганын Ирандын мамлекеттик маалымат каражаттары кабарлашты. Маалыматка ылайык, Ирандын аймагында 2 миңдей айылга зыян келтирилип, алардын айрымдары толугу менен тыптыйпыл болуп калган. 12 миң турак-жай урап түштү.

Ирактагы Кызыл жарым ай уюму өлкө түндүгүндөгү көбүнесе күрттөр байырлаган аймакта 9 киши каза тапканын билдирди. Ал аймакта 530дан ашуун адам жаракат алганы белгилүү болду.

Президент Хасан Роухани 14-ноябрда жер титирөөдөн жапа чеккен Керманшах провинциясына барды.

"Өкмөт бул маселени кыска убакытта чечүү үчүн колунан келишинче аракет кылат деп жапа чеккен бардык тараптарды ишендиргим келет”,-деди Роухани.

12-ноябрдын кечиндеги күчү 7,3 баллга жеткен зилзаланын очогу Ирактын Халабжа шаарынан түштүк-батышты көздөй 32 чакырым алыстыкта жайгашкан.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG