Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:56

Тажик оппозиционери ур-токмокко кабылганын билдирди


Рахматилло Зоиров
Рахматилло Зоиров

Тажикстандын оппозициядагы Социал-демократиялык партиясынын лидери саясий ишмердигинен улам кол салууга кабылганын билдирди. Рахматилло Зоиров окуя 9-ноябрда кечке жуук Душанбеде болгонун "Азаттыктын" тажик кызматына 14-ноябрда кабарлады. Маалыматка ылайык, ал күнү бир аял менен бир эркек киши итин сейилдетип жүргөн Зоировдун жанына келип, ага "чыккынчы" деп кыйкыра баштаган. Андан көп өтпөй эркек киши оппозициячыл активистти туюк металл менен урган. Зоиров өз колу менен башын коргогонго үлгүргөн.

Ал бул окуя тууралуу милиция кызматкерлерине телефон аркылуу кабар бергенин, бирок аларга эч кандай чара көрүлбөгөнүн кошумчалады. Милиция өкүлдөрү жазуу түрүндө кайрылуу түшпөгөнүн "Азаттыктын" тажик кызматына билдиришти.

Кесиби боюнча адвокат Зоиров Казакстанда иштеп, маал-маалы менен Тажикстанга барып турат. Ал бир канча жыл боюнча өз өлкөсүндө жумуш таба албай койгонун билдирген. Зоировдун партиясы Тажикстанда каттоодон өткөнү менен эч качан парламентте мандатка ээ болгон эмес.

XS
SM
MD
LG