Дүйнө жүзүндө өкмөттөр социалдык тармактардагы маалыматты бурмалоо аракеттерин күчөттү. Мындай аракеттер демократияга кедергисин тийгизип, Интернет эркиндигин азайтканын "Фридом Хаус" ("Freedom House") уюму 14-ноябрда жарыялаган баяндамасында билдирди.
"Интернет эркиндиги - 2017" аттуу баяндамада онлайн-маалыматтарды көзөмөлдөө жана туура эмес маалымат берүү тактикалары дүйнөнүн кеминде 18 мамлекетиндеги шайлоолордо "маанилүү роль" ойногону, алардын арасында Орусиянын АКШдагы былтыркы шайлоого кийлигишүү аракеттери бар экени айтылган.
"Акча төлөнгөн комментаторлорду жана интернет-программаларды саясий максатта колдонуу боюнча Кытай менен Орусия баштап берген көрүнүштөр дүйнөгө тарап кетти", - деди баш кеңсеси Америкада жайгашкан "Фридом Хаус" уюмунун президенти Майкл Абрамович.
Быйыл 65 мамлекеттин ичинен Кытай, Эфиопия жана Сирия Интернет эркиндигин эң көп чектеген өлкөлөр деп аталды.