Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:20

АКШдагы ок атуудан төрт киши каза болду


АКШнын Калифорния штатында ок атуудан төрт киши каза болду. Жети киши жарадар экени айтылды. Кол салган адамдын аты-жөнү азырынча белгисиз. Ал адегенде өзү жашап турган үйдүн жанында, андан кийин башталгыч класстар мектебинин айланасында ок аткан.

Жергиликтүү тургун кылмышкерди тааный турганын, ал 50 жашта экенин жана акыркы мезгилде ок атууну үйрөнүү менен алектенип жүргөнүн, коңшусунун шектүү жүрүм-турумун полицияга кабарлаганын журналисттерге билдирген.

Полиция бул күбөнүн айткандары тууралуу комментарий бере элек. Кол салган киши жок кылынганы кабарланууда. Америкалык маалымат булактары анда мылтык жана эки тапанча болгонун жазып чыгышты. Ноябрдын башында Техас штатында чиркөөдөгү ок атуу 20дан ашык кишинин өмүрүн алган.

XS
SM
MD
LG