Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 03:03

Прокуратура Карганбек Самаковго 19 жыл сурады


Игорь Чудинов, Искендербек Айдаралиев жана Карганбек Самаков.
Игорь Чудинов, Искендербек Айдаралиев жана Карганбек Самаков.

Бишкектин Октябрь райондук соту 14-ноябрда Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Карганбек Самаковго жана анын баласы Кубанычбек Самаковго, экс-премьер-министр, эл өкүлү Игорь Чудиновго, мурдагы вице-премьер Искендербек Айдаралиевге, мурдагы айыл чарба министри Арстанбек Ногоевге жана башка кишилерге козголгон ишти карады. Сотто тараптардын жарыш сөзү уланууда.

Прокуратура Карганбек Самаковду класстык чинден ажыратуу жана мүлкүн мамлекетке чегерүү менен 19 жылга күчөтүлгөн тартипте абакка кесүүнү сурады. Ал эми Кубанычбек Самаковду, Эрнис Койчумановду, Абай Таштанбековду 18 жылдан, Чудинов, Айдаралиев, Ногоевди 11 жылдан, Курманбек Бакиевди 30 жылга, Жаныш Бакиевди өмүр бою эркинен ажыратуу керек экенин билдирди. Мамлекеттик айыптоо алардын күнөөсү толук далилденди деп эсептейт. Жарыш сөз маалында Карганбек Самаков баласы экөө өздөрүнө тагылган айыптарды четке какты. Экс-депутат мурда трансформацияланган жерди төртүнчү болуп сатып алганын белгилеп, өзүнө коррупция боюнча коюлуп жаткан дооматтарды негизсиз деп атады.

Кийинки сот 17-ноябрга белгиленди. Карганбек Самаков баштаган адамдарга кылмыш иши 2015-жылы 14-майда козголгон. Алар 2008-жылы Чүйдүн Аламүдүн районундагы Кара-Жыгач, Байтик жана Лебединовка айылдарында 262 гектар жер тилкесин мыйзамсыз трансформациялаган деп айыпталууда. (NT)

XS
SM
MD
LG