Зимбабвенин борбору Харареде бийликти кулатуу аракети болуп, аскерлер мамлекеттик Зед-Би-Си телеканалынын кеңсесин ээлегени айтылууда.
Би-Би-Си кабарлагандай, Харареде жардыруулардын добушу угулган, анын себептери айтыла элек. Буга чейин Түштүк Африкадагы Зимбабвенин элчиси өз өлкөсүндөгү төңкөрүш тууралуу маалыматтарды четке каккан.
Армиянын башкы командачысы, генерал Константино Чивенга аскерлер саясатка кийлигишүүсү мүмкүн деп эскерткенден кийин, өлкөнүн башкаруучу партиясы аны "чыккынчылык кылды" деп айыптады.
Президент Роберт Мугабе өзүнүн орун басарын иштен алгандан кийин Чивенга буга нааразылык билдирип чыккан. Шейшембиде өз ара тирешүү уланып, Хараренин четиндеги жолдордо бронетехника каражаттары жүргөнү байкалган. Алардын бул жакка келген чоо-жайы белгисиз. "Рейтер" агенттигинин маалымат булактары мамлекеттик телеканалды басып алууда айрым кызматкерлер аскерлердин орой мамилесине кабылганын билдиришкен. Жоокерлер телекомпания кызматкерлерин кабатыр болбоого үндөп, имаратка аны коргош үчүн киргенин айтышкан.