Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:05

Жети-Өгүздө жергиликтүү келин карышкырды бычактап өлтүрдү


Карышкыр. Иллюстрациялык сүрөт.
Карышкыр. Иллюстрациялык сүрөт.

Ысык-Көлдүн Жети-Өгүз районунда жергиликтүү тургун Элнура Эсенжан кызы жолдошу Мирбек Келгенбаевге кол салган карышкырды бычактап өлтүргөнүн билдирди. Канжалаган карышкыр жана жубайлардын видеосу 14-ноябрда Интернетке чыкты.

Алардын айтымында, окуя 7-ноябрда болгон. Мирбек Сарычат-Эрташ коругунун аймагында бузулуп калган автоунаасын оңдоп жаткан кезде ага карышкыр кол салып, бутун тиштегенге аракет кылган. Ал жырткыч менен алышып жаткан кезде аялы карышкырдын жүрөк тушуна бычак сайып өлтүргөн.

Жубайлар дарыгерлердин кароосунан өтүшкөнүн, абалы дурус экенин билдиришти.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин облустагы башкармалыгы ушундай окуя болгонун "Азаттык" радиосуна бышыктады. (SE)

XS
SM
MD
LG