Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:29

Атамбаев: Казак президентинин өзүм билемдиги үчүн блокадада калдык (видео)


Алмазбек Атамбаев.
Алмазбек Атамбаев.

Президент Алмазбек Атамбаев кыргыз-казак чек арасындагы абалды "блокада" деп атап, бул үчүн Казакстандын жетекчилигин айыптады.

Бул тууралуу ал ушу тапта Бишкекте өлкөнүн туруктуу өнүгүү стратегиясын талкуулоо боюнча жыйында сүйлөп жатып айтты:

- ЕАЭБге киргенибиз туура чечим болгон. Биз бул уюмда калышыбыз керек. Андан чыкпайбыз. Бирок орус, казак басма сөзүн күнүгө окуйм, анда "Кыргызстан, Атамбаев ЕАЭБди талкалагысы келип жатат" деп жазып жатышат. Бул жалаң калп. Чынында бир айдан бери Казакстандын жетекчилигинин өзүм билемдиги үчүн биз башка өлкөлөрдөн, ЕАЭБден ажыратылган болуп турабыз. Блокада Кыргызстандын президенти “мыйзамдарды сыйлап, ички иштерибизге кийлигишпегиле” деп талап койгону үчүн гана жасалып жатат. Бизге башкалардын эрежесин таңуулоонун кереги жок.

Ошону менен катар Атамбаев ЕАЭБ комиссиясын да кескин сынга алып, "Казакстандын жетекчилигинин жасаганы жана комиссиянын чара көрбөгөнүнөн улам ЕАЭБдин имиджине жана репутациясына орду толгус залака тийүүдө" деп билдирди.

Бүгүнкү жыйынга парламент, өкмөт башчылары жана мүчөлөрү катышууда.

10-октябрдан бери кыргыз-казак чек арасы аркылуу Казакстанга өтүү кыйынчылык жаратууда. (BkA)

Атамбаев ЕАЭБ комиссиясын сынга алды
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:31 0:00

XS
SM
MD
LG