Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:13

Атамбаев: Эч кимге жүгүнбөйбүз, кыйынчылыктардан кайра чыйралабыз


Алмазбек Атамбаев.
Алмазбек Атамбаев.

Президент Алмазбек Атамбаев кыргыз бийлиги эч кимге жүгүнбөшү керек экенин айтып, жаңы шайланган мамлекет башчы Сооронбай Жээнбековго, өкмөт башчы Сапар Исаковго жана спикер Дастанбек Жумабековго кайрылды. Бул тууралуу ал бүгүн "Ала-Арча" резиденциясында өтүп жаткан өлкөнүн туруктуу өнүгүү стратегиясын талкуулоо боюнча жыйында билдирди.

Атамбаев 2014-жылы Өзбекстан Кыргызстандын түштүгүнө газ берүүнү токтотуп койгонун эске салып, аны "ошол кездеги улгайган президенттин" иши деп сыпаттады. Ошол учурда айрымдар ал адамга сүйлөшүүгө барууну сунуш кылышканын белгилеп, "биз эч качан жүгүнүп барбайбыз, мындай блокадалардан кайра күчтөнөбүз" деген пикирин айтты.

Президент өз сөзүндө кыргыз-казак чек арасындагы абалды "блокада" деп атап, бул үчүн Казакстан жетекчилигин айыптады.

2014-жылы "Кыргызгаз" "Газпромго" өткөндөн кийин Өзбекстан Кыргызстандын түштүгүнө көгүлтүр от берүүнү токтотуп койгон эле.

Бугүнкү жыйында Кыргызстандын 2018-2040-жылга чейинки өнүгүүсү боюнча "Таза коом-Жаңы доор" долбоору талкууланууда. Ага парламенттин жетекчилиги жана депутаттары, премьер-министр жана өкмөт мүчөлөрү катышууда. (BkA\SE)

Атамбаев: Эч кимге жүгүнбөйбүз
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:59 0:00

XS
SM
MD
LG