Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:05

Ошто ымыркай кызды көчөгө таштап кетишти


Ош шаарынын Амир Темир конушундагы көчөлөрдүн бирине белгисиз бирөөлөр жаңы төрөлгөн ымыркайды таштап кетишти.

Шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы ымыркай кыз экенин, аны 14-ноябрда кечки саат онго жакын жергиликтүү тургундар таап алып, милицияга кабарлашканын билдирди.

Ымыркайды ороп, көчөгө калтырып кетишкен. Милициянын ыкчам тобу аны Ош шаардык төрөт үйүнө жеткирген. Салмагы үч килограммдан ашыгыраак кыздын саламаттыгы жайында.

Күч органдары анын апасын издеп жатышат. (SE)

XS
SM
MD
LG