Президент Алмазбек Атамбаев кыргыз-казак чек арасындагы абалга байланыштуу жасалып жаткан экономикалык блокадага Кыргызстан туруштук бере алат деп эсептейт.
Бул тууралуу ал бүгүн Бишкекте өлкөнүн туруктуу өнүгүшү боюнча стратегияны талкуулаган жыйында сүйлөп жатып айтты:
- Мына, мен Интернеттен өкмөттүн божомолун алып карап көрдүм. Анда "блокаданын айынан Кыргызстан ички дүң өнүмдүн 0,3% жоготот" деп жазылып турат. Биз буга туруштук бере алабыз.
Кыргыз-казак чек арасындагы абалга байланыштуу Кыргызстандын республикалык бюджетине айрым күтүлгөн каражат түшпөй калышы ыктымал экенин кечээ "Азаттыкка" Каржы министрлигинин өкүлдөрү кабарлашкан.
Мекеменин коомчулук менен байланыш секторунун башчысы Гүлмира Түгөлбаева:
- Киреше түшпөй калат деген кооптонуу бар. Биз муну моюнга алабыз жана ошол тобокел жагдайларды кандай жол менен жөнгө салыш керек экенин азыр карап жатабыз, - деп билдирген.
10-октябрдан бери кыргыз-казак чек арасынан Казакстан тарапка өтүү кыйын болуп жатат.
Дүйшөмбү күнү министр Адылбек Касымалиев парламенттик комитетте маалымат берип жатып, "чек арадагы кырдаалдан улам бажы багыты боюнча 400-500 млн. сом түшпөй калышы ыктымал" деп айтканын маалымат каражаттары жазып чыгышкан. (BkA)