Бишкекте балдар жана өспүрүмдөр арасында өтүп жаткан "Карек" кинофестивалы жыйынтыкталууда. Бүгүн "Манас" кинотеатрында жеңүүчүлөргө сыйлык тапшыруу аземи өтөт. Бул тууралуу кинофестивалдын директору Толкун Дайырбекова билдирди.
Сынакка катышууга 75 тасма сунушталган. Арасында драмалык, деректүү, анимациялык, социалдык роликтер, клип, слайд-шоу тасмалар бар. Калыстар тобу анын 15ин сынакка катышууга тандаган.
Бүгүн тасмалар элге көрсөтүлүп, 7-12 жана 13-17 жаштагылар арасында мыкты оюн-фильм, анимациялык фильм, даректүү тасма, режиссер, сценарист, оператор, жаш актер, жаш актриса жана монтажчы деген тогуз багытта жеңүүчүлөр аныкталат.
Фестивалга 7 жаштан баштап 17 жашка чейинки балдар катышууда. Шарт боюнча фильмдер 10 мүнөттөн кем эмес болушу зарыл.
"Карек" кинофестивалы биринчи жолу былтыр Бишкекте өткөн. Ал Кинематографисттер бирикмеси менен чогуу уюштурулуп келет. (ZA)