Нарындын Кочкор районунда тоо боорундагы суу жээктеринен табылган үч адамдын сөөгү боюнча күч органдары иликтөө жүргүзүп жатат.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы тараткан маалыматка караганда, 14-ноябрда түш ченде Арчалуу тилкесинде тоонун боорунан адамдын сөөгү табылган. Түшкү саат бирге жакын Орто-Токой суусунун жээгинен дагы бир өлүк чыккан. Кечке жуук Жылуу-Суу участогундагы Чү суусунун жээгинен дагы бир сөөк табылган.
Куткаруучуларга бардык чакыруулар 102 кызматынан түшкөн.