Кыргызстандын шайланган президенти Сооронбай Жээнбеков 15-октябрдагы президенттик шайлоо атаандаштык шартында өткөнүн белгилеп, бул үчүн президент Алмазбек Атамбаевге ыраазычылык билдирди.
Бүгүн Бишкекте өлкөнүн 2018-2040-жылдарга карата өнүгүү стратегиясын талкуулаган жыйында сүйлөп жатып ал:
- 15-октябрда биринчи жолу президенттик шайлоо абдан катуу атаандаштыкта өттү. 2017-жылы шайлоо атаандаштык менен жана эң алдыңкы система менен өтөт деп эч ким ишенген эмес. Бул шайлоо мамлекеттик бийликке элдин ишеничин дагы бир жогорку деңгээлге алып чыкты. Бизге келген 700дөн ашуун эл аралык байкоочу да абдан жогорку баасын берип өттү. Эң негизги жетишкендигибиз, Алмазбек Шаршенович, саясаттагы чыныгы конкуренцияны сиз түзүп бердиниз. Муну катуу кармап, улантышыбыз керек, - деди.
Мурдагы өкмөт башчы Жээнбеков 15-октябрда өткөн шайлоодо 54,22% добуш алып утуп чыккан. Анын инаугурациясы 24-ноябрда өтөт. (RK)