Линктер

дүйшөмбү, 20-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 21:40

Зимбабвенин борборунда армия аракеттенүүдө


Зимбабвенин борбору Хараренин көчөлөрүндөгү танктар. 15-ноябрь, 2017-жыл.

Аскерлер жана брондуу унаалар өлкө борбору Хараренин ичиндеги маанилүү түйүндөрдү ээлеп турат. Армия бул аракеттерди аскердик төңкөрүш эмес, президент Роберт Мугабенин айланасындагы “криманалдарды бутага алуу" деп түшүндүрүүдө.

Мамлекеттик сыналгыдан окулган билдирүүдө өлкөнүн 93 жаштагы жетекчиси Роберт Мугабе жана анын үй-бүлөсү коопсуз экени айтылды.

Түндө борбор шаар Харареден ок атуунун жана жарылуулардын үнү угулуп турду.

АКШ менен Британиянын элчиликтери өз жарандарын “учурдагы саясий белгисиз абалга”, “адаттан тыш аскердик аракеттер жөнүндөгү маалыматтарга” байланыштуу үйлөрүндө отурууга үндөдү.

Азыркы окуялардын алдында Зимбабвенин башкаруучу партиясы өлкөнүн армия башчысын чыккынчылыгы үчүн айыптаган.

Өткөн аптада ошондой эле Мугабе келечекте анын ордун ээлеши күтүлгөн вице-президент Эммерсон Мнангагваны кызматтан четтеткен эле.

Анын бул чечиминен кийин Мугабенин ордун басууга 52 жаштагы жубайы Грэйске жол ачылууда.

Дүйнөнүн эң кары мамлекет башчысы Роберт Мугабе Зимбабвени 1980-жылдан бери башкарат. (UE)

XS
SM
MD
LG