Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:50

2018-2040-жылдарга «Таза коом-Жаңы доор» стратегиясы жактырылды


Кыргызстанда өлкөнүн туруктуу өнүгүүсүнүн «Таза коом – Жаңы доор» стратегиясы иштелип чыгууда. 2018-2040-жылдарга эсептелген бул документ бүгүн Бишкекте “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында талкууланып, жактырылды.

Жыйынга мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев төрагалык кылып, ага жаңы шайланган президент Сооронбай Жээнбеков, Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков, өкмөт башчы Сапар Исаков, парламенттеги фракция лидерлери, өкмөт мүчөлөрү катышты.

Президент Атамбаев 2013-2017-жылдардын стратегиясы толугу бойдон өзүн актаганын айтып, бул документтин жана Кыргызстан калкынын эмгегинин аркасы менен өлкө өнүгүүнүн жолуна түшкөнүн билдирди.

Жыйындын соңунда жаңы стратегия негиз катары кабыл алынды. Келерки жылдын 15-февралына дейре ал дагы толукталып, март айына чейин кабыл алынат. (BkA)

XS
SM
MD
LG