Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:27

АКШ өкмөтү Түндүк Корея хакердик чабуул коюп жатканын эскертүүдө


Түндүк Корея лидери Ким Чен Ын аскерлер менен. 15-октябрь, 2017-жыл.
Түндүк Корея лидери Ким Чен Ын аскерлер менен. 15-октябрь, 2017-жыл.

АКШ бийлик өкүлдөрүнүн билдирүүсү боюнча, Түндүк Кореянын өкмөтү демөөрчүлүк кылган хакерлик чабуулда былтыртан бери аэрокосмос, телекоммуникация тармагы жана каржы индустриялары бутага алынууда.

Федералдык иликтөө бюросу менен Ички коопсуздук министрлиги ушундай эскертүүнү чыгарышты.

Алардын маалыматына караганда, Түндүк Кореянын хакерлери компьютерлик системаларга кирип, аларды бузуш үчүн “FALLCHILL” деген вирусту колдонуп жатышат.

Америкалык бийлик өкүлдөрү азыркыдай эле эскертүүнү быйыл июнда да таратып, Түндүк Кореянын өкмөтүн 2009-жылдан бери АКШда эле эмес, башка мамлекеттерде да медианы, аэрокосмос, каржы секторлорун, маанилүү инфратүзүмдөрдү бутага алган хакерлик чабуулдардын артында турганы үчүн айыптаган.

Жаңы эскертүү Түндүк Кореянын ракеталык сынактарынан жана өзөктүк программаларынан улам Вашингтон менен Пхеньяндын тирешүүсү күчөп турган учурга туш келди.

Пхеньяндагы режим болсо башка өлкөлөргө каршы киберчабуулдарга катыштыгы бар экенин такай төгүндөп келет. (UE)

XS
SM
MD
LG