Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:49

Бектур Асановго №47 абакта операция жасалды


Кубаныч Кадыров жана Бектур Асанов.
Кубаныч Кадыров жана Бектур Асанов.

"Элдик парламент" оппозициялык кыймылынын камактагы мүчөсү Бектур Асановго Бишкектеги №47 абактагы ооруканада 14-ноябрда операция жасалды. Бул тууралуу "Азаттык" радиосуна анын жубайы Алтынай Асанова кабарлап, күйөөсүнүн өтүнөн таш алынган айтты:

- Бир айдан бери ооруп жаткан эле. Акыркы бир жума катуу ооруп, эки-үч жолу "Тез жардам" чакырышыптыр. Кечээ №47 абакка которуп, ошол жакта операция болду. Азыр абалы жакшы деп жатышат. Операция болгонго чейин да, кийин да эч кимибизге жолугушууга уруксат беришкен жок. Адвокаттарга дагы.

Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын басма сөз катчысы Элеонора Сабатарова да Асановдун операция болгонун бышыктап, азыр анын абалы дурус экенин, сакайганча №47 абакта болорун билдирди.

Бектур Асанов Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин убактылуу кармоочу жайында жаткан.

Ал бийликти күч менен басып алууга аракет кылган деген айып менен 2016-жылдын мартында кармалган. Биринчи Май райондук соту быйыл 17-апрелде аны 12 жылга эркинен ажыраткан.

Асанов менен чогуу камалган "Элдик парламент" кыймылынын он чакты мүчөсү камалып, түрдүү мөөнөттөргө кесилген.

Ушул күндөрү аппеляциялык арыздын негизинде ишти Бишкек шаардык соту карап жатат. (SE)

XS
SM
MD
LG