АКШнын мамлекеттик катчысы Рекс Тиллерсон бул тууралуу бүгүн Мьянманын борборунда өлкөнүн жетекчилиги менен сүйлөшүүдөн кийинки басма сөз жыйынында билдирди.
“Ассошейтед пресс” агенттиги кабарлагандай, Тиллерсон Мьянмадагы кыянатчылыкка жоопкер адамдар үчүн Кошмо Штаттар жекече санкцияларды караштыраарын, бирок ал өлкөнүн өзүнө каршы кеңири экономикалык санкцияларды сунуш кылбай турганын белгиледи.
Тиллерсон ошондой эле АКШ Мьянманын коопсуздук күчтөрүнүн мыкаачылыгы тууралуу “ишенимдүү маалыматтарга” тынчызданып жатканын кошумчалап, миңдеген рохинжа мусулмандарын коңшу Бангладешке качырган гуманитардык кризис боюнча эркин иликтөө жүргүзүүгө чакырды.
АКШнын мамлекеттик катчысы Мьянмада өлкөнүн жарандык лидери Аун Сан Су Чжи жана Ракхайн штатындагы коопсуздук операциялары үчүн жоопкер адам, армия башчысы Мин Аунг Хлайн менен кездешти.
Тиллерсон сапарга чыгаарда АКШдагы Холокост музейи жана “Укукту бекемдөө” аттуу уюм жарыялаган баяндамада Мьянмада рохинжа мусулмандарына каршы геноцид жасалып жатканына “далилдер” бар экендиги айтылган.
БУУнун эсебинде, быйыл жайдан бери Бангладешке Мьянмадан 600 миңден ашуун рохинжа мусулмандары качып келди.
Мьянманын жетекчилиги өз дарегине айтылган дооматтарды четке кагып жүрөт.
Бийлик Рохинжа мусулмандары жашаган Ракхайн штатындагы коопсуздук операцияларынын башталышына алардын арасынан чыккан козголоңчулардын чабуулдары түрткү болгонун билдирген. (UE)