Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Апрель, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 09:36

Ооганстанда апийим өндүрүшү 87% өстү


Нангархар провинциясындагы апийим талаасы. 2016-жылкы сүрөт.
Нангархар провинциясындагы апийим талаасы. 2016-жылкы сүрөт.

Мындай эсептерин бүгүн Ооганстандын өзүнүн Маңзатка каршы күрөшүү министрлиги менен БУУнун Маңзатка жана кылмыштуулукка каршы кеңсеси жарыялады.

Алардын маалыматына караганда, быйыл Ооганстанда апийим өндүрүшүнүн жалпы көлөмү “рекорддук чекке” же 9000 миң тоннага жетип, былтыркы жылга салыштырмалуу 87% өскөн.

Бул эки мекеменин эсептери ошондой эле былтыр апийим 201 миң гектарга гана себилген болсо, быйыл бул көрсөткүч 63% өсүп, апийим эгилген аянттын көлөмү 328 миң гектарга жеткенин да көргөздү.

Быйылкы дүң түшүмдүн өсүшүнө апийим ар гектардан 15%дан көп алынганы да салым кошкон.

Ал эми быйылкы түшүмдү сатуудан ооган дыйкандары 1,4 миллиард доллар каражат табышы күтүлөт. Бул Ооганстандын бир жылдык ички дүң өнүмүнүн 7% барабар.

Маңзатка каршы күрөшүү министрлиги менен БУУнун Маңзатка жана кылмыштуулукка каршы кеңсесисинин баяндамасында апийимдин рекорддук көлөмдө өндүрүлүшү Ооганстандын өзүнө, анын коңушуларына, транзиттик жол болгон башка өлкөлөргө “бир катар көйгөйлөрдү” жаратары айтылат. (UE)

XS
SM
MD
LG