Казакстанда мурда аныкталган эрежелерди бузуудан улам Кыргызстандын сүт азыктарын чыгаруучу беш ишканасынын товарларын ташууга тыюу салынды. Бул тууралуу «Казинформ» агенттиги Казакстандын Айыл чарба министрлигинин маалыматына таянуу менен жазып чыкты.
Андан сырткары кыргызстандык эки ишкана өндүргөн айрым өндүрүмдөргө лабораториялык көзөмөл күчөтүлгөнү белгиленген. Өлкөгө кирген ар бир азык лабораториялык иликтөөгө жиберилип жатканы кошумчаланган.
Маалыматка караганда, Евразия экономикалык биримдигинин ветеринардык талаптарын сактабагандыгына байланыштуу 22-октябрда Тажикстандан Беларуска ташылып бараткан 60 баш жылкы жана кой кыргыз-казак чек арасынан кармалган.
Казак тараптын маалыматы боюнча, чек арада текшерүү күчөтүлгөн 10-октябрдан бери ветеринардык тармакта мыйзам бузулган 29 учур катталган. Ушул мезгил аралыгында он жети жолу өндүрүмдөрдү мыйзамсыз алып өтүү аракети болгон. Казакстан тарап тиешелүү чара көрүп, бир тобуна айыппул салган, айрымдары артка кайтарылган.
Казакстанга учурда өндүрүм ташуу укугуна ээ болгон 25 кыргызстандык компания бар. Анын он беши сүт азыктарын өндүрөт, сегизи балык, экөө эт азыктарын ташыйт.
Казак маалымат каражаттары жазгандай, коңшу өлкөнүн башкы санитардык дарыгери Жандарбек Бекшин мындай чараны Кыргызстандан талапка туура келбеген азыктар кирип жатканы менен түшүндүргөн.