Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Апрель, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 23:10

Оштогу Бабур театрынын артисттери Лондонго гастролго барышты


Лондон.
Лондон.

Оштогу Бабур атындагы өзбек драма театрынын жамааты ушул күндөрү Лондон шаарында гастролдо жүрөт. Артисттер 19-ноябрда "The Courtyard Theatre" сахнасында Шекспирдин "Ричард-III" трагедиялык чыгармасын тартуулашат.

Андан тышкары, Лондондогу "Orzu-Arts" Борбор Азия театрында 17-18-ноябрь күндөрү Оштон барган артисттердин коштоосунда концерт берилет.

Спектаклге да, концертке да кирүү акысыз.

Бул чыгармачыл сапар Кыргызстан менен Британиянын дипломатиялык алакаларынын 25 жылдыгына жана Шекспирдин 450 жылдык юбилейине арналгандыгын аталган театрдын жетекчиси Набижан Мамажанов "Азаттык" радиосуна билдирген.

Спектакль төрт тилде - кыргыз, өзбек, орус жана англис тилдеринде коюлат. Ролдорду "Бабурдун" артисттери аткарышат. Режиссеру - бир канча жылдан бери Британияда жашап, иштеп жүргөн, теги кыргызстандык Йулдаш Журабаев.

Бул гастролдук сапар демөөрчүлөрдүн колдоосу менен ишке ашууда. (SE)

XS
SM
MD
LG