Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:46

Зимбабве президентинин жубайы өлкөдөн чыгып кеткени айтылууда 


Роберт Мугабе жубайы менен. 8-ноябрь, 2017-жыл.
Роберт Мугабе жубайы менен. 8-ноябрь, 2017-жыл.

Зимбабве президенти Роберт Мугабенин жубайы Грейс Мугабе бийликти аскерлер басып алгандан кийин өлкөдөн чыгып кеткенин Би-Би-Си жазды. Болжолдуу маалыматтарга караганда, ал Намибияга жол тарткан.

Кечээ Зимбабведе аскерлер өлкө борбору Хараренин ичиндеги маанилүү түйүндөрдү ээлеген. Армия өз аракетин аскердик төңкөрүш эмес, президент Роберт Мугабенин айланасындагы “криминалдарды бутага” алуу деп түшүндүргөн. Мамлекеттик телеканал өлкөнүн 93 жаштагы лидери Роберт Мугабе жана анын үй-бүлөсү коопсуз экенин кабарлаган.

Кийинчерээк Түштүк Африканын президенти Жейкоб Зума Роберт Мугабе менен телефондон сүйлөшкөнүн, ал “абалы жакшы экенин, бирок үйүндө камалып отурганын” ишара кылганын маалымдаган.

Азыркы окуялардын алдында Мугабе келечекте анын ордун ээлеши күтүлгөн вице-президент Эммерсон Мнангагваны кызматтан четтеткен. Андан кийин Мугабенин ордун басууга 52 жаштагы жубайы Грэйс Мугабеге жол ачылаары айтылган. Африканын түштүгүндөгү бул өлкө Улуу Британиядан 1980-жылы боштондукка чыккан. Дүйнөнүн эң кары мамлекет башчысы Роберт Мугабе ошондон бери Зимбабвени башкарып келген.

XS
SM
MD
LG