Түркмөнстанда суу чарба жана мунай-газ тармагында иштеген жумушчулардын саны кескин кыскартылууда. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат каражаттары кабарлашты.
Маалыматка караганда, 10-ноябрда өлкөнүн Айыл жана суу чарба министрлиги аймактык суу чарба башкармалыктарына кызматкерлердин санын кескин кыскартуу буйругун берген. Мары облусунун суу чарба башкармалыгы алган буйрукта жыл соңуна чейин жумушчуларынын 50 пайызы кыскартылышы керектиги айтылган.
Ошондой эле өлкөнүн мунай-газ тармагындагы жумушчулардын дагы саны азайтылып жаткандыгы кабарланды.
Кыскартуунун чоо-жайы боюнча расмий түшүндүрмө бериле элек. Айрым маалыматтарда иш ордун жоготкон адистер башка аймактардагы мунай жана газ тармактарындагы ишканаларга барып, нөөмөт менен иштеп турушу мүмкүн экени айтылууда.