Жалал-Абад шаарынын мэрлигине эки талапкер катталды. Бул тууралуу бүгүн "Азаттык" радиосуна Борбордук шайлоо комиссиясынын аймактагы өкүлү Дамир Жүндүбаев билдирди.
Катталгандар: учурда мэрдин милдетин убактылуу аткарып жаткан Салайдин Авазов (КСДП фракциясы) жана шаардык кеңештеги "Өнүгүү Прогресс" фракциясынын лидери Майрамбек Адылбеков.
Өткөн жумада беш айдан бери бириге албай жаткан шаар кеңешинин депутаттары жаңы коалиция түзүп, төрага шайлашкан.
Жергиликтүү кеңештеги көпчүлүккө "Ата-Журт", "Республика", "Мекеним Кыргызстан", КСДП фракциялары кирет. Ал эми азчылыкта "Өнүгүү Прогресс" менен "Кыргызстан" фракциялары.
Мыйзам боюнча шаардык кеңеш жаңы шайлангандан кийин жаңы мэр дайындалат.
Шайлоо 23-ноябрда өтөт. (RsK)