Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:50

Орусиянын Кызытмага каршы агенттигинин аккредитациясы калыбына келтирилбейт


Москвадагы Кызытмага каршы агенттиктин кире бериши.
Москвадагы Кызытмага каршы агенттиктин кире бериши.

Дүйнөлүк кызытмага каршы агенттик (WADA) Орусиянын кызытмага каршы агенттигинин (РУСАДА) аккредитациясын калыбына келтирүүдөн баш тартты.

Мындай чечим WADAнын Сеулда 16-ноябрда өткөн жыйынында кабыл алынды. Бул Орусиянын Түштүк Кореяда өтчү кышкы Олимп оюндарына жана Паралимпиадага катышпай калуу тобокелчилигин жогорулатат.

РУСАДАнын аккредитациясы 2015-жылы WADAнын Ричард Макларен башында турган көз каранды эмес комиссиясынын баяндамасы жарык көргөн соң токтотулган. Анда орусиялык спортчулар бийликтин колдоосу менен кызытма колдонуп келишкени жазылган эле. Москва мындай айыптарды мойнуна алган эмес. Мындан улам орусиялык атлеттер 2016-жылы Рио- де -Жанейродо өткөн жайкы Олимп оюндарынан четтеп калышкан.

WADA кеңешинин мүчөлөрүнүн пикиринде орус тарап өзүнө коюлган негизги эки талапты аткарган эмес. Алардын биринчиси - Макларендин комиссиясы чыгарган бүтүмдү сөз жок таануу, экинчиси - эл аралык текшерүүчүлөргө Москвадагы кызытмага каршы агенттикке кирүүгө мүмкүнчүлүк берүү эле.

Орусиянын спорт министри Павел Колобков "WADAнын талаптарынын саясий мүдөөсү бар" деп билдирди.

XS
SM
MD
LG