Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:46

Караколдо директордун өлүмүнө байланыштуу сот чечими чыкты


Каракол шаары.
Каракол шаары.

Каракол шаарында жайгашкан Иса Ахунбаев атындагы медициналык окуу жайдын директорун өлтүрдү деп айыпталган Раушан Муканбетова боюнча шаардык сот 15-ноябрда чечим чыгарды. Ал медколлеждин директору Анарбүбү Абсалиеваны өлтүргөн эмес деп табылды.

Ал эми экономикалык кылмыш боюнча айыптуу деп табылып, медколлежге таандык 200 миң сомду өз пайдасына колдонгондугу аныкталып, 6 жылга эркинен ажырытылды. Ошондой эле 3 жыл бою мамлекеттик кызматта иштебеши керек деген чечим чыкты.

Раушан Муканбетова жаза өтөө мөөнөтүн кенже баласы 14 жашка чыкканда өтөйт.

Маркум Анарбүбү Абсалиеванын жакындары Каракол шаардык сотунун чечимине нааразычылыгын билдиришип, облустук сотко кайрылышаарын белгилешти.

Караколдогу Иса Ахунбаев атындагы медициналык коллеждин жетекчиси Анарбүбү Абсалиева 2016-жылдын 17-ноябрында 23 жолу денесине бычак сайылып, өз үйүндө киши колдуу болгон.(AsM)

XS
SM
MD
LG